10:01
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Бүгүн Бишкекте эл аралык китеп фестивалы өтөт

Бишкек шаарындагы «Курманжан датка» эстелигинин жанындагы аянтта «XVI КИТЕП FEST — 2025» эл аралык китеп фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Малыматка ылайык, иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жана ошондой эле улуттук китеп басып чыгаруунун жетишкендиктерин кеңири жайылтуу жана китеп окуу маданиятын арттыруу максатында уюштурулуп, 23-апрелде саат 10:00дөн баштап кечки саат 19:00гө чейин өтмөкчү.

«XVI КИТЕП FEST — 2025» алгач Эркиндик гүлбагындагы кыргыз элине салым кошкон улуу инсандарга гүлчамбар коюу менен башталып, «Курманжан датка эстелигинин» алдында расмий бөлүк менен ачылат. Ошондой эле «Учурдагы кыргыз китептеринин жана автордук укуктарынын маселелери» конференциясы, Улуу Жеңишке 80 жыл көргөзмөсү, алгачкы китеп «АЛИППЕ — 1924-2025» көргөзмөсү, Жазуучулар союзунда котормо таануу боюнча Россиянын Жазуучулар союзунан келген акын-жазуучулардан мастер-класстар, Улуттук жазуучулар союзуна экскурсия менен коштолот. Ал эми А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Китеп барактарынын обону» жандуу концерти жана кызыктуу көргөзмөлөр уюштурулат. Ушуну менен катар Ала-Тоо кинотеатрында акысыз кино көрсөтүү уюштурулду.

Китеп фестивалы республика боюнча жер-жерлерде жайгашкан 1 миңден ашуун китепканаларда белгиленет. Китеп фестивалы алкагында өлкөнүн китепканаларында китеп көргөзмөлөрү, акын жазуучулар менен жолугушуулар, концерттер, конкурстар, театр оюндары жана китеп окуу боюнча кызыктуу оюн-зооктор өткөрүлөт. Ошондой эле республика боюнча жаштардын технология, инженерия, көркөм өнөр жана математика илимдерине болгон кызыгуусун жогорулатуу максатында STEAM кербени күтүлөт. Фестивалда бардык окурмандар китептерди басма баасында жеңилдетүү сатып ала алышат.

Китеп жумалыгынын негизги максаты — Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштардын арасында окуу маданиятын көтөрүү, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын даңазалоо, авторлордун, басма үйлөрүнүн, китепканачылардын, мугалимдердин жана башкалардын акын-жазуучулардын, жаш жазуучуларды өлкөбүздүн коомдук жана маданий өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын белгилөө.

Эң көп окулган жаңылыктар