09:49
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

АКШ Кыргызстандын мектептерине белек катары 1,2 миллион китеп берет

2020-жылга чейин АКШнын өкмөтү «Келгиле, окуйбуз» долбоорунун алкагында Кыргызстандын мектептерине белек катары 1,2 миллион китеп берет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты — өлкө боюнча башталгыч класстардагы окуучулардын окуу жөндөмдөрүн өркүндөтүү. Бул төрт жылдык долбоордун жалпы бюджети 9,9 миллион долларын түзөт.

Эске салсак, жакында АКШ 900 мектепке 110 257 балдар китебин тапшырган. Ал китептердин арасында 32 түрдүү кыргыз жана орус тилиндеги: жомоктор, аңгемелер, ырлар жана математикалык ой жүгүртүүгө багытталган китептер бар.

Эң көп окулган жаңылыктар