06:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Садыр Жапаров «Саясатка аралашкан 10 жыл» китебинин уландысын жазат

Садыр Жапаров «Саясатка аралашкан 10 жыл» китебинин уландысын жазат. Бул туурасында ал «Российская газетага» берген маегинде айтты.

Мамлекет башчысынын билдиришинче, ал аталган китебин 2014-жылы Польшада жүргөндө жазган.

«2017-жылы Мекениме кайтып келгенден кийин, мени саясий себептер менен түрмөгө камашты. Ошол учурдан баштап мен бул китептин уландысын жаза баштадым. Ошондон бери көптөгөн саясий окуялар болуп өткөндүгү талашсыз, алар жаңы китепте чагылдырылат. Бул абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Тилекке каршы, учурда бош убакыттын жоктугунан аны аягына чейин чыгаруу мүмкүн болбой жатат. Бирок Кудай буюрса, мен анын үстүнөн иштеп, сөзсүз бүтүрөм», — деди Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар