19:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жаңы окуу жылы. Китептердин ижара акысынан 43 миллион сом чогултуу пландалууда

2019-2020-жаңы окуу жылында китептердин ижара акысынан 43 миллион сом чогултуу пландалууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул алдын ала алынган маалымат. Так маалымат окуучулардын жана китептердин саны боюнча автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизгенде билинет. 

27-августка карата китептердин иажара акысынан 17 миллион 482 миң сом келип түшкөн, анын 17,4 миллиону тез депозитке жайгаштырылды. Баардык төлөмдөрдүн 93 пайызы "Элсом" системасы боюнча келип түшүүдө. 

Ар бир китеп 25 сомдон бааланууда. Министрликке жыл сайын китеп басып чыгарууга 600 миллион сомго жакын каражат керектелет. 

Эң көп окулган жаңылыктар