13:26
USD 87.45
EUR 103.22
RUB 1.14

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын олимпиадасынын облустук баскычы башталды

Бүгүн, 27-февралда, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын облустук баскычы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, облустук этапка райондук баскычта 1-2-орунду ээлеген 1606 окуучу катышууда.

Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өтүүдө:

— англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;

— окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;

— окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.

Акыркы, улуттук этап март айына пландаштырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар