Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-февралдагы жыйынында № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош мандатын Сарыбашов Таалайбек Насирбековичке өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу маалымат БШК расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Таалайбек Сарыбашовго белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

