13:56
USD 87.45
EUR 103.55
RUB 1.14

ЖКда жаңы депутаттар ант берди. Парламенттин курамы 90 депутат болду

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жаңы төрт депутаты ант берди.

Алар БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдон төш белги жана күбөлүктөрүн алган Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекова жана Азизбек Абдуллаев ант беришти.

Белгилей кетсек, Алтынбеков Айбек, Мамытов Талант Карабекова Айгүл БШКнын № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө токтомунун негизинде мандат алды.

Ал эми Азизбек Абдуллаев Элдар Сулайманов өз каалоосу менен мандат тапшыргандыгына байланыштуу парламентке келди.

Эң көп окулган жаңылыктар