12:31
USD 87.45
EUR 103.64
RUB 1.14

«Ак илбирсти коргоо — 2026»: Жети-Өгүздөгү фестиваль кандай өттү?

Президенттик Администрация
Фото Президенттик Администрация. «Ак илбирсти коргоо — 2026» : Жети-Өгүздөгү фестиваль

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда «Ак илбирсти коргоо — 2026» фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара ак илбирсти коргоо, райондун жаратылыш-маданий мурастарын жайылтуу, туристтерди тартуу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү максатында адамдарды бириктирүү үчүн маанилүү аянтча болуп калды.

Фестивалдын жүрүшүндө Жети-Өгүз районунун келечектүү туристтик багыттарынын бирине айланган көрүнүктүү жерлердин бири болгон нефрит ташынын жанында жайгашкан кароо аянтчасынын жана көпүрөнүн расмий ачылышы болуп өттү.

Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Динара Кемелова президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстандын улуттук символуна айланган ак илбирс өлкөнүн жаратылыш байлыгын чагылдырарын жана тоо экосистемасынын саламаттыгынын маанилүү көрсөткүчү болуп саналарын белгиледи.

Ал Ак илбирсти сактоо боюнча иш экосистемаларды коргоону, тоо жериндеги калктын жашоо-шарттарын жакшыртууну жана жоопкерчиликтүү экотуризмди өнүктүрүүнү камтыган Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023—2027-жылдар) алкагында системалуу негизде жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Бул программа төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • уникалдуу бийик тоолуу экосистемаларды сактоо;
  • жергиликтүү коомчулуктардын жашоо сапатын жакшыртуу;
  • жоопкерчиликтүү экотуризмди өнүктүрүү.

Президенттик Администрация
Фото Президенттик Администрация. «Ак илбирсти коргоо — 2026» : Жети-Өгүздөгү фестиваль

Фестивалдын алкагында муз, кар, пенопласт жана башка материалдардан жасалган ак илбирстин айкелдеринин жана экспонаттарынын, сүрөттөрдүн жана чыгармалардын сынагы өтүп, ага Жети-Өгүз районунун мектеп окуучулары, мугалимдери жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары катышты.

Улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн буюмдарынын жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү, ат минүү жана чана тебүү, ошондой эле улуттук тамактар көрсөтүлдү.

Президенттик Администрация
Фото Президенттик Администрация. «Ак илбирсти коргоо — 2026» : Жети-Өгүздөгү фестиваль

Иш-чарага министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын, бизнес чөйрөнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, Жети-Өгүз жана башка райондордун тургундары, ошондой эле чет элдик коноктор катышты. Фестивалга жалпысынан 2000ден ашуун катышуучу чогулду.

Эң көп окулган жаңылыктар