USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды

12:55, 21 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда облустук ишембилик өтүп, анын жүрүшүндө жээктеги 155 гектарга жакын жер тазаланды. Бул тууралуу КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл облусундагы жалпы облустук ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги болжол менен 155 гектар аймак таштандыдан тазаланды.

«Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн сактоо максатында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика