USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Бүгүн Зеленский менен Трамп жолугушат. Кимдер катышат?

11:24, 18 августа 2025, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-августта АКШнын борбору Вашингтондо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Дональд Трамп жолугушат. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлары жазууда.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда Евробиримдиктин лидерлери Ак үйдөгү Зеленский-Трамп сүйлөшүүлөрүнө катышат.

Саясатчылар Украинадагы аскерий жаңжалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Донбасстын бүт аймагын орусиялык деп таануу сунушун талкуулашат. Бул вариантты Орусия президенти Владимир Путин Аляскада ок атышууну токтотуу үчүн сунуш кылганын ММКлар мурда кабарлашты. Кремль бул маалыматты тастыктай элек.

Владимир Зеленский жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери аймактык концессияларга караманча каршы, деп жазат басылма.

Вашингтонго ким барат?

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Германиянын канцлери Фридрих Мерц, Италиянын премьер-министри Жоржио Мелони, Финляндиянын президенти Александр Стубб.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика