USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Пайдалуу кеңеш: Окумуштуулар аспиринге альтернатива табышты

11:05, 20 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Окумуштуулар P2Y12 ингибитор классындагы дарылар: клопидогрел жана тикаргрелор аспиринге салыштырмалуу инфаркт, инсульт жана өлүм коркунучун азайтууда кыйла эффективдүү экенин аныкташты. Бул тууралуу Sport-Express басылмасы жазууда.

Окумуштуулар 16 000ден ашык адам катышкан беш клиникалык сыноого анализ жүргүзүшкөн. Алар P2Y12 ингибиторлорун кабыл алгандар аспиринди гана колдонгондорго салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучу 23 пайызга аз экенин аныкташкан. Ошол эле учурда эки топто тең олуттуу кан агуунун деңгээли бирдей болгон.

Аспирин жүрөк-кан тамыр ооруларына жазылат, анткени ал инфаркттын жана инсульттун негизги себептеринин бири болгон кандын уюп калуу ыктымалдыгын азайтат. Ал тромбоциттерге, уюу үчүн жооптуу кан клеткаларына таасир этип, алардын бири-бирине жабышып калышына жол бербейт жана ошону менен артериялардын бүтөлүп калуу коркунучун азайтат.

Бирок, изилдөөнүн авторлору мындай жыйынтыктарга этияттык менен кароо керектигин баса белгилешет. Анткени жекече айырмачылыктар болушу мүмкүн. Акыркы сунуштар үчүн узак мөөнөттүү байкоолор менен кийинки изилдөөлөр талап кылынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика