Кыргызстандын курама командасы «Art Football- 2025» фестивалынын Гран-присин жеңип алды. Бул тууралуу Бишкектеги Орус үйү билдирди.
Бул Кыргызстандын командасы үчүн үчүнчү фестиваль. Быйыл коллектив башкы музыкалык байгеге — мыкты концерттик программа үчүн Гран-приге ээ болду. Кошумчалай кетсек, калыстар тобу бир добуштан «Мыкты ырчы» номинациясында жалпы командага алтын медаль ыйгарышты.
Футбол талаасында өлкө намысын Абил Байгазиев коргоп, мелдештин мыкты чабуулчусу деп табылган.
Арт футболго Кыргызстандын атынан ырчылар Адил Чекилов, Игорь Воронцов, Александр Волкодав, Оскар Султаналиев, Тынай Алыбаев, Петр Спицын, Жаныбек Оңолбаев, Данияр Дөлөтбаков, Мурат Дербишалиев, Темирлан Магзимов, Марлен Алибеков; пианист Нурсултан Сейсембаев; актёрлор Максатбек уулу Арсен, Абил Байгазиев, Аскар Качкынбаев, Абдусалам уулу Амантур; Теле алып баруучу Алмаз Раимжанов, режиссёр Бакирдин Борукеев, дирижер Бексултан Маматкулов, ошондой эле экс-футболчулар Айбек Бокоев менен Владислав Волков.