Жусуп Баласагын атындагы КУУда эски жатакананын ордуна 16 кабаттуу заманбап окуу-турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу окуу жайдын сайтында маалымдалды.
Жалпы аянты 16 миң чарчы метрди түзгөн жаңы имарат окуу корпусун, жатакананы, китепкананы, бала бакчаны жана башка социалдык объектилерди бириктирет.
КУУнун экономика боюнча проректору Бактыбек Айтахунов билдиргендей, курулуштун жалпы баасы 1 миллиард 379 миллион 820 миң сомду түзөт. Маалым болгондой, курулушка 500 миллиону университеттин өз бюджетинен, 879 миллион 820 миңи Өнүктүрүү фондунан жумшалат.
Ачык тендердин жыйынтыгында курулуш иштери «Бай Таш» ЖЧКсына тапшырылган. Имаратты 1,5-2 жылда куруу пландалууда.
Окуу аудиториялары жана административдик жайлар;
студенттер үчүн 400 орундуу жатакана;
чет өлкөлүк окутуучулар жана аспиранттар үчүн мейманкана бөлмөлөрү (15-16-кабаттар);
200 орундуу 24 сааттык китепкана;
амфитеатр, 600 орундуу конференц-зал, музей;
медициналык-спорттук блоктор, 60 орундуу балдар бакчасы;
эс алуу жана өз алдынча окуу аймактары, обсерватория;
кафелер жана коомдук тамактануу пункттары;
60 унаа үчүн эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай жана 30 унаа үчүн ачык паркинг.
Маалым болгондой, жараксыз жана авариялык абалдагы No4 жатакананы демонтаждоо жана жаңы имарат куруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын техникалык отчетторунун негизинде кабыл алынып, КУУнун Окумуштуулар кеңеши тарабынан жактырылган.