Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.К.С. (Кенжебек Бокоев) укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бул тууралуу 24.kg агентигине Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Фото Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы. Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалды
Маалыматка ылайык, экс-депутат бүгүн,9-июнда мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган.
Кенжебек Бокоев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, Кенжебек Бокоев V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика Ата Журт» партиясынан шайланган.