USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Түркиянын парламентинин спикери Нуман Куртулмуш Кыргызстанга келди

08:30, 28 апреля 2025, Бишкек - 24.kg

Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аэропорттунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Алишер Козуев тосуп алды.

Эскерте кетсек, 29-апрелге чейин улана турган расмий сапарынын алкагында Нуман Куртулмуш Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошону менен катар жолугушууда парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган документке кол коюлары күтүлүүдө.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика