Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетине нааразычылыгын айтты.
Ал өз сөзүндө президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жакшы иштерин баса белгиледи. «Социалдык объектилер, аэропорттор, жолдор акыркы убакта курулганын көрбөш үчүн, коррупцияга каршы күрөштү көрбөш үчүн сокур болуш керек», — дейт Балбак Түлөбаев.
Эл өкүлү эмоционалдуу сүйлөгөнүн министрлер кабинетине авариялык абалдагы мектептер боюнча кат жолдоп, жооп күтө албаганы менен түшүндүрдү. Ал эми парламентте сүйлөгөндөн кийин анын сөзүнө таарынгандар аны чакыра башташкан.
Сөзүнүн аягында ал жаңы дооматтарды билдирди. Балбак Түлөбаевдин айтымында, министрлер кабинетинин мүчөлөрү орун басарлары жок командировкага чыгышат.
Парламентарий министрлер кабинети менен Жогорку Кеңеш бир куштун эки канатындай экенин жана алар чогуу кыймылдаса гана республикада өнүгүү болорун билдирди.