Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-апрелдеги жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев жарандарды алдаган курулуш компанияларына тышкы башкарууну киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, «KG-Групп» курулуш компаниясына акча төлөгөн жарандар кайрылып, бирок мүлкү бар экенине карабай, компания имараттын 3-кварталын курбай жаткандыктан батирлерин ала албай жатышат.
«Көптөгөн курулуш компанияларынын жетекчилери элден акча алып, үйлөрүн куруп бүтө албай, жашынып жүрүшөт. Айрымдары темир тор артында отурушат. Сырттан башкарууну бир эле «KG Групп» компаниясына эмес, элди алдап жаткан бардык курулуш компанияларына киргизүү керек. Эгер алар күткөндөй иштебесе, аларга сырттан башкаруу колдонуларын билишсин», — деди депутат.