Норвегиялык Хельсинки комитети жана Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму(International Partnership for Human Rights — IPHR) эркин журналист Канышай Мамыркулованы бошотууну жана кылмыш ишин токтотууну суранып, кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоду.
Журналистке козголгон иш Конституцияда жана Кыргыз Республикасы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактыда кепилденген сөз жана ЖМК эркиндигин бузат деп белгиленет.
Эскерте кетсек, Канышай Мамыркулова 20-мартта кармалган.Тергөөнүн версиясы боюнча, ал кыргыз-тажик чек арасы тууралуу жалган маалымат таратып, бул өлкөдөгү кырдаалдын туруксуздугуна алып келиши мүмкүн.
Ички иштер башкы башкармалыгы соттук-лингвистикалык экспертиза зомбулук көрсөтүү чакырыктары бар экенин тастыктаганын билдирди. Бул КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого негиз болгон.
22-мартта Канышай Мамыркулова соттун чечими менен тергөө амалдары жүрүп, 19-майга чейин камакка алынган. Ал социалдык түйүндөрдө бийликти сынга алган билдирүүлөрү менен белгилүү.