10:01
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Бишкек мамлекеттик университетине жаңы ректор дайындалды

Мирлан Дылдаев алты айлык сыноо мөөнөтү менен Бишкек мамлекеттик университетинин (БМУ) ректору болуп дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, ал министрлер кабинетинин «Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобосуна ылайык жүргүзүлгөн тандоонун жыйынтыгы менен дайындалды.

Мирлан Дылдаев география илимдеринин доктору.

2023-жылдын сентябрынан тарта Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору болуп иштеген. Буга чейин ал БМУнун экология жана менеджмент факультетинин деканы, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде доцент болуп иштеген.

Орусча жана кыргызча сүйлөйт.

Эске салсак, 2025-жылдын февраль айында Абдылда Мусаев 14 жыл иштеген БМУнун ректорлугунан кеткени белгилүү болгон. Ошондон кийин Билим берүү министрлиги сынак жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар