08:44
USD 87.45
EUR 101.24
RUB 1.08

Кыргызстанда бир жылда орган алмаштыргандардын саны 25 пайызга өстү

Кыргызстанда 2024-жылдын 31-декабрына карата орган алмаштырган 1232 адам каттоодо турат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 738 бейтапка бөйрөк, 494 боор алмаштыруу операциясы жасалган. Жалпысынан бир жыл ичинде мындай оорулуулардын өсүшү 25,45 пайызды түздү. Алардын бардыгына керектүү терапия жүргүзүлүүдө.

Орган алмаштыргандардын көбү чет өлкөдө операция болгон. Алар Кыргызстанга кайтып келери менен Улуттук госпиталдын амбулаториясында көзөмөлгө алынууда. Органын алмаштырган балдар 18 жашка чыкканга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көзөмөлгө алынат.

«Учурда бөйрөк жана боор алмаштыруудан кийин бейтаптарды башкара турган кадрлар жетишсиз. Аймактарда нефрологдордун жетишсиздиги трансплантациядан кийинки мезгилде медициналык тейлөөнүн сапатынын төмөндүгүнүн жалпы көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Бул алмаштыруу функциясынын жоголушуна байланыштуу гемодиализге кайтып келүүгө негиз болуп саналат. Жылына орточо эсеп менен 3-5 бейтап ушундай болот», — деп белгилейт Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-ноябрь, бейшемби
12-ноябрь, шаршемби