18:53
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

ОшМУнун базасында боор алмаштыруу операциясы жасалат

ОшМУнун базасында боор алмаштыруу операциясы жасалат. Бул жөнүндө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев окуу жайга болгон сапарында айтты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.

«Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Турциянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Эң көп окулган жаңылыктар