USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Кыргызстанда бөйрөктү бекер алмаштырууга 100дөн ашык бейтап кезекте турат

14:37, 31 января 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 105 бейтап бөйрөктү бекер алмаштыруу боюнча операцияга кезекте турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, учурда 50 трансплантацияга акча бөлүнгөн.

Эртең Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында биринчи акысыз операцияны жасоо пландалууда.

«Бейтаптарды жана донорлорду алып жатабыз, алар текшерүүдөн өтүп жатышат. Бардыгына этап-этабы менен операция жасалат», — деди министр.

Буга чейин бейтаптар борбордогу бөйрөк алмаштыруу операциясы үчүн 7,5 миң доллар төлөшчү.

Белгилей кетсек, республикада 2,6 миңден ашуун адам гемодиализ алат. Бул үчүн бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом каралган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика