20:10
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Министрлик бөйрөгү алмаштырылган бейтаптын абалы тууралуу маалымат берди

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка биринчи акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Бул тууралауу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта донордун бөйрөгүн алуу операциясы жасалып, андан кийин реципиентке бөйрөк трансплантацияланган.

Операция эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка, алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду.

Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин алар андан ары ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.

Өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган бейтаптардын жогорку технологиялык операциялык кийлигишүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында 2024-жылы 50 акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясын жүргүзүү пландалууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума