06:38
USD 89.43
EUR 96.36
RUB 0.97

Бөйрөк алмаштыруу. Улуттук госпиталдын дарыгерлери Түркияда окуудан өтүшөт

Улуттук госпиталдын дарыгерлер тобу Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтүшөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-февралда төрт уролог, бир айдан кийин дагы төрт дарыгер жөнөтүлөт. Мекеменин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев алар менен жолукту.

Ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин даярдалган адистер бар экенин белгиледи (ал жакта 22 жаштагы бейтапка биринчи бекер бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган).

«Бул команда окутуудан кийин Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасайт. Андыктан силерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Окууңарга ийгилик каалайм», -деди министр.

Буга чейин Улуттук хирургия борборунун адистери боорду алмаштыруу операциялары үчүн керектүү билим жана практикалык тажрыйба алуу үчүн Түркияга үч айлык стажировкага жөнөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров гемодиализ алган кыргызстандыктарга бөйрөктү бекер алмаштыруу боюнча операция жасоону тапшырды. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миң 500дөн ашык жаран гемодиализ алат. Алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык кароодон өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярданып жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар