14:13
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Нурдан Орунтаев Курулуш министрилигинин үч артыкчылыгын атады

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри кызматына Нурдан Орунтаевдин талапкерлигин карап жатышат.

Жыйында эл өкүлү Элдар Абакировдун суроосуна жооп берип жатып, ал жаңы кызматта кандай иштер артыкчылыктуу болорун айтып берди.

Нурдан Орунтаевдин айтымында, биринчи кезекте курулуштун көлөмүн көбөйтүү зарыл, анткени учурда бир жаранга 0,3 чарчы метр турак жай туура келет. Курулуш министрлиги жакынкы мезгилде бул көрсөткүчтү кеминде 0,5 чарчы метрге көбөйтүүгө ниеттенип жатат. Буга жетишүү үчүн калктын жыл сайын өсүшүн эсепке алуу менен министрлик 3 миллион чарчы метр турак-жайды пайдаланууга берүүгө тийиш.

Башкармалыктын ишиндеги экинчи приоритеттүү багыты — мамлекеттин социалдык объектилерге болгон муктаждыгын жабуу. Биринчи кезекте окуу жайларында.

Үчүнчүдөн, курулуштарга көзөмөлдү жакшыртуу жана анын сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG