2024-жылы Нарын облусуна 141 миңден ашык турист келген. Алардын 113 миңи ички саякатчылар болсо, 28 миңи чет өлкөдөн келгендер. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.
Чет элдик коноктордун ичинен эң көп турист Германиядан (3,4 миң), Франциядан (3,2 миң), Орусиядан (2,8 миң), Кытайдан (2,5 миң) жана АКШдан (2 миң) келген. Алдыңкы он өлкөнүн катарына Швейцария, Италия, Испания, Казакстан жана Польша да кирди.
Облуста 308 туристтик объект катталган, анын ичинен 182си активдүү иштеп жатат. Нарын жана Кочкор райондорунун туристтик аймактарында ачык эс алууну сунуш кылган «Теңир-Тоо» жана «Соң-Көл» жаңы глампинг аянтчалары ачылды.
Жыл ичинде туризмден облустун бюджетине 127 миллион сом түшкөн.
Тармакты өнүктүрүүгө Теңир-Тоо фондунан 20 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Каражат Нарын шаарындагы «Кербен» мейманканасын курууга, Ак-Талаа районундагы Соң-Көл көлүндөгү «Али-Нур» кемпингин өнүктүрүүгө, Нарын районунда «Тешик» туристтик зонасын түзүүгө жумшалды.
Аймакты алга жылдыруу үчүн беш жылдык стратегиялык план иштелип чыгып, visitnaryn.com онлайн платформасы жана мобилдик тиркеме ишке киргизилди. Кочкор районунда жана Нарында туристтерди тейлөө борборлорунун курулушу аяктоо алдында турат.
Мындан тышкары, саякатчылар үчүн транспорттук кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган GoBus долбоору ишке ашырылган.