12:09
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Аткаминерлер эсепке жалган маалыматтарды киргизип, 1,5 млн сомду кытып алышкан

Кочкор райондук суу чарба башкармалыгында кызмат адамдары эсепке жалган маалыматтарды киргизип, 1,5 миллион сомду кытып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан жогоруда аталган бөлүмдүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эмгек акы төлөө боюнча ведомостторго жалган маалыматтарды киргизгендиги аныкталган. Натыйжада алар 1 миллион 559 миң 221 сомду өздөштүрүшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергөө үчүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар