Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берилди.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, укук коргоо органынын жетекчисинин көрсөтүлгөн мезгилдеги кирешеси 1 миллион 216 миң 821 сомду түздү. Бул анын 2021-жылга карата декларациясында көрсөтүлгөндөн (848 миң 937 сом) көп.
Улан Ниязалиев чыгашасы тууралуу эч нерсе ачыктаган жок.
Көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк 800 чарчы метр жер тилкеси болуп саналат. Ал үй бакчага пайдаланууга арналган.
Ички иштер министрлигинин жетекчисинин декларациясында унаасы бар же жакын туугандарынын кирешеси тууралуу маалымат жок.
Эске салсак, 2021-жылдагы отчетунда ал 60,4 чарчы метр аянтты ээлеген батири, 40,3 га айыл чарба багытындагы эмес жери жана аянты 1 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар экенин көрсөткөн.