07:09
USD 8.75
EUR 90.70
RUB 0.92

Камчыбек Ташиевдин уулу словакиялык футболдук клуб менен келишим түздү

Кыргызстандын жаштар курама командасынын капитаны, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Кыргызстандын футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир-Хан Кыдыршаев Словакиянын «Тренчин» футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу футболдук клубдун сайтында айтылат.

Белгиленгендей, 19 жаштагы коргоочу клуб менен бир жарым жылдык келишимге кол койгон.

www.astrencin.sk
Фото www.astrencin.sk. Эмир-хан Кыдыршаев

Эмир-Хан Кыдыршаевдин «Барселона», «Леванте» жана «Перуджа Кальчо» клубдарынын жаштар командаларында иштөө тажрыйбасы бар. Ал акыркы жолу испаниялык «Сант Кугат» клубунда иштеген. Ошол эле учурда Кыргызстандын 20 жашка чейинки курама командасынын капитаны", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2024-жылдын февраль айында 9 жаштагы кичүү кызы Сумая чет өлкөдө футбол ойноп жүргөнүн айтып, андан мыкты спортчу болоруна үмүт арткан.

Эң көп окулган жаңылыктар