USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Сынак! Кыргызстанда дээрлик 400 бала бакчанын директорунун орду бош

16:22, 13 января 2025, Бишкек - 24.kg

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда республика боюнча 394 бош орун бар. Сынак министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт.

Белгиленгендей, сынактын төртүнчү этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2025-жылдын 13-январынан башталып, 27-январга чейин болот.

Каттоо билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

doo.talas@ncokoit.kg

doo.naryn@ncokoit.kg

doo.g.osh@ncokoit.kg

doo.chui@ncokoit.kg

doo.ja@ncokoit.kg

doo.batken@ncokoit.kg

doo.osh@ncokoit.kg

doo.ik@ncokoit.kg

doo.bishkek@ncokoit.kg

Сынактын төртүнчү этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы кандидаттардын өздөрүнө жиберилет.

Кошумча маалымат Департаменттин төмөнкү телефондору аркылуу берилет: 0707 490 001, 0503 610 150, 0550 610 150.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика