00:57
USD 87.45
EUR 90.93
RUB 0.90

Камчыбек Ташиев: «Мен президенттикке талапкерлигимди көрсөтпөйм»

«Мен президенттикке талапкерлигимди койбойм», — деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун мамлекет башчылыгына ат салышууга толук укугу бар.

«Мен азыркы президентти колдойм. Кимди президент кылабыз? Равшан Жээнбековбу же Бекназаровдубу? Балким Алмазбек Атамбаевди кайтарып келелиби? Биз баарын көрдүк. Алар жакшылыктан жакшылык издешпейт. Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүүгө толук укугу бар. Мен анын талапкерлигин толук колдойм», — деп баса белгиледи УКМКнын башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар