18:24
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Кыргызстандыктар жылына 18-19 миллиард сомдук дары-дармектерди керектешет

Кыргызстандыктардын дары-дармекке болгон жылдык муктаждыгы 18-19 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу Экономика жана соода министринин орун басары Искендер Асыкулов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы өлкөдө 664,35 миллион сомдук дары-дармек жана медициналык буюмдар өндүрүлгөн. Ал эми 2024-жылдын сегиз айында — 450,9 млн.

Министрдин орун басары белгилегендей, калктын дары-дармекке болгон муктаждыгынын 96 пайызы Россия, Индия, Германия, Кытай, Өзбекстан жана Түркиядан келген импорттун эсебинен камсыздалат.

Эң көп окулган жаңылыктар