11:11
USD 86.96
EUR 91.03
RUB 0.84

Депутат мамлекеттик дарыканалардагы баалардын камбаттыгына нааразы болду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков мамлекеттик дарыканаларда баалар жеке дарыканадагыдай болуп жатканына нааразы болду.

Анын айтымында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ишке киргенде, бийлик дары-дармектердин баасы коммерциялык дарыларга караганда 50 пайызга арзан болот деп убада кылган.

Сүйүнбек Өмүрзаков бааларды тиешелүү бөлүмдөр көзөмөлгө алышы керектигин баса белгиледи.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Азамат Муканов жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева эмне себептен мындай кырдаал жаралганын түшүндүрүшкөн жок.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан республика боюнча 87 мамлекеттик дарыкана ачылган.

Эң көп окулган жаңылыктар