USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өткөндөр кармалды

15:44, 27 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Аксы районунда дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өткөндөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну узак убакыт бою Өзбекстан менен чектеш аймакта контрафактылык дары-дармектерди алып келүү жана ташуу менен активдүү алектенгени аныкталды.

"2024-жылдын 22-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында Аксы районунун Кош-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик каттоодон өтпөгөн дары-дармектердин ири партиясы (361 аталыштагы), алардын айрымдары психотроптук баңги заттары (15 аталыштагы), ошондой эле ок атуучу куралдар жана чет өлкөлүк унаа номурлары табылган. Учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренеси боюнча кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат",-деп жазылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика