Кыргызстанда өндүрүлгөн дары-дармектердин үлүшү өтө төмөн бойдон калууда, болжол менен 2-3 пайызды түзөт. Бул тууралуу бүгүн , 19-февралда Соода-өнөр жай палатасында өткөн тегерек столдо айтылды.
Соода-өнөр жай палатасынын Фармацевтика жана медициналык ишмердүүлүк боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн айтымында, ата мекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгү 2026-жылдын башына чейин токтоп калышы мүмкүн.
Бул улуттук каттоо күбөлүктөрүнүн мөөнөтүнүн бүтүшү, ошондой эле каттоо документтеринин ЕАЭБ актыларынын талаптарына ылайык келтирүү үчүн убакыттын жетишсиздиги (үстүбүздөгү жылдын аягына чейин) жана башка маселелер менен шартталган.
Кыргыз Республикасында жалпысынан 6 миңге жакын дары-дармек улуттук процедура менен каттоодон өткөн. Алардын ичинен ЕАЭБдин эрежелерине ылайык, 2025-жылдын февралына карата 200гө жакыны гана каттоодон өткөн, бул 2026-жылы дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүндө олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
Жыйында ошондой эле дары-дармектерди, анын ичинде каттоодон өткөндөрдү, кээде ал тургай кымбат эмес дарыларды жеткирүүдөгү үзгүлтүккө учуроо маселеси да белгиленди. Кээ бир дары-дармектер базарда көптөн бери жок болуп, бейтаптар өздөрү буйрутма бериши керек.
Буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна дары-дармектерди жеткирүү үзгүлтүккө учуроо коркунучу тууралуу маалыматтар чыккан.
Евразия экономикалык биримдигинин курамына кирген өлкөлөрдүн ири фармацевтикалык бирикмелери — Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргызстандын дары-дармек каражаттарын каттоо документтерин ЕАЭБдин эрежелерине ылайык келтирүү үчүн жеңилдиктерди кабыл алууну тездетүү өтүнүчү менен Россиянын өкмөтүнө кайрылышты.
Алардын маалыматы боюнча, Орусияда компаниялар дары-дармектердин 80 пайызына керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип бүтсө, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө 10-20 пайызга гана документтер берилген.
2026-жылдын 1-январынан кийин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн калкын дары-дармек менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Бул дары-дармек менен камсыздоонун кыйрашына алып келиши мүмкүн.