21:42
USD 86.96
EUR 91.03
RUB 0.84

Бишкекте курулуштан 100 миң сомдук жез кабелин уурдаган чет элдик жаран кармалды

Укук коргоо кызматкерлери уурулукка шектелип 37 жаштагы чет элдик жаранды кармашканын борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 11-августунда милицияга бир адам кайрылып, Токомбаев көчөсүндөгү курулуштардын биринен 100 миң сомдук жез кабелин уурдап кеткендигин билдирген. Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин “Уурдоо” беренеси боюнча иш козгошту. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнүн өздүгүн аныкташкан. Ал чет мамлекеттин жараны 37 жаштагы Ш.Б.

Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Укук коргоо кызматкерлери анын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктап, кол салган адамдын колунан жабырлануучу болушу мүмкүн болгон 0701002688, 0554161600, 0755133367 же 102 кыска номуру аркылуу байланышууну суранууда.

Эң көп окулган жаңылыктар