18:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте үйлөрдү тоноп жүргөн шектүү кармалды

Бишкекте үйлөрдүн биринен алтын жана ноутбук алып чыгып кеткен деген шек менен 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 30-августунда Ленин РИИБге Ак-Ордо жаңы конушунун С.Э. аттуу тургуну арыз менне кайрылган. Анда ал терезе аркылуу үйдүн ичине кирип «Аcer» ноутбугун жана алтын жасалгаларды алып чыгып кеткен жаранга карата чара көрүүнү суранган.

«Аталган окуяга шектүү катары 1995-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалды. Анын мындан башка дагы уурулук боюнча 10 фактыга катыштыгы бар экендиги аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар