19:23
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жалал-Абадда унаа уурдаганга шектелип эки жигит кармалды

Жалал-Абадда унаа уурдаганга шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 19-январында Жалал-Абад шаарынын 60 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 18-январдан 19-январга караган түнү өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдындагы унаа токтотуучу жайдан «Хундай Аванте» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап качып кетишкенин билдирген.

Ошол эле күнү шаардын дагы бир тургуну арыз менен кайрылып, түнкү саат 23:50 чамасында «Деу Тико» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин айткан.

Аталган окуяга шектелип Ноокен районунун 18 жаштагы тургундары Б.А. жана У.Э. кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар