17:59
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

Күндүн саны. Кыргызстан 2024-жылы 3,3 тонна курут экспорттогон

2024-жылдын тогуз айында Кыргызстандан 26 миң 101,5 тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Анын ичинен 3,3 тонна курут, 1 миң 18,8 тонна сыр, 1 миң 796,9 тонна сары май, 7 миң 634 тонна кургак сүт жана башка азыктар экспорттолгон.

Ал эми сүт азыктарынын импорту 13 миң 274,4 тоннаны түздү. Анын ичинен 1 миң 160,6 тонна сыр, 275,9 тонна май, 670,8 тонна йогурт, 1 миң 933,7 тонна балмуздак жана башка азыктар импорттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар