19:22
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Марк Рютте расмий түрдө НАТОнун жаңы башчысы болду

Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рютте 1-октябрдан тарта НАТОнун баш катчысы кызматына киришти. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты.

Расмий тапшыруу аземи альянстын Брюсселдеги штаб-квартирасында өтүп, анда НАТОнун кызматтан кетип жаткан башкатчысы Йенс Столтенберг Марк Рюттеге символикалык балканы сунду.

Рейтер агенттиги
Фото Рейтер агенттиги. Нидерландиянын мурдагы премьер-министри Марк Рютте жана Йенс Столтенберг НАТОнун башкы катчысы Столтенберг

2023-жылы июлда Нидерланддын премьер-министрлигинен кеткен жана саясий карьерасынан кеткенин жарыялаган Марк Рютте күтүүсүздөн октябрда НАТОнун баш катчысы кызматына ат салышууну чечти.

Нидерландиянын премьер-министри катары 13 жылдан ашык убакытта ал көптөгөн европалык лидерлердин колдоосуна ээ болуп, АКШнын президенти Жо Байдендин жактыруусуна ээ болгон.

Deutsche Welle
Фото Deutsche Welle. Марк Рютте жумушуна велосипед менен көп барат

Марк Рютте өзүнүн жаңы кызматында  НАТОнун 32 өлкөсүн бириктирип, татаал милдеттерди, анын ичинде уланып жаткан чыр-чатактардын фонунда альянсты бекемдөө менен күрөшүүгө туура келет.

Анын компромисстерди табуу жөндөмү, топтолгон тажрыйбасы жана антикризистик менеджер катары аброю татаал маселелерди чечүүгө жана НАТО мамлекеттеринин ортосунда консенсус табууга жардам берет дешет эксперттер.

Эң көп окулган жаңылыктар