09:51
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Акылбек Жапаров: Кыргызстан экономикада «барс секирик» жасады

Кыргызстан экономикада «барс секирик» жасады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Экономикалык ойдун өнүгүүсү: изилдөөлөр жана чечүү жолдору» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда айтты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын ийгиликтерине токтолуп, учурдагы экономикалык көрсөткүчтөрдү «барс секирик» деп атады.

«Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкөнүн ИДПсынын өсүү темпи 8,7%ды түздү, ал эми «Кумтөрдү» эсепке албаганда 10,6%ды түздү, 2023-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,2 триллиондон сомдон ашса, быйыл 1,5 трлн. сомду түздү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоор. Өлкөнүн материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Акыркы 3 жылдын ичинде биз 2 миң чакырым жол курдук, өлкөнүн өнөр жай тармагы жанданууда. Бир мык да чыгарбаган өлкөдөн биз автоунаа чыгарган өлкөгө айландык», — деп баса белгиледи ал.

Жыйынтыгында МинКаб Төрагасы конференция тажрыйба алмашуу жана кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана өлкөнүн экономикасын дагы да туруктуу кылууга көмөктөшүүчү жаңы чечимдерди табуу үчүн жемиштүү аянтча болуп каларына ишенимин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар