07:06
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Министрлер кабинетинде жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселеси каралды

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, учурдагы маселелерди талкуулады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын негизги темасы экономиканы келерки жылытуу мезгилине даярдоо, ЖЭБди көмүр менен камсыздоо, ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо жана учурдагы курулуш иштерине байланыштуу маселелер болду.

Кеңешменин жыйынтыгында Акылбек Жапаров тиешелүү министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине кышка натыйжалуу даярдык көрүү жана аталган аймактарды мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Эң көп окулган жаңылыктар