03:52
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте ColorFest боёк музыкалык фестивалы өтөт

Бишкекте ColorFest боёк түстөрдүн музыкалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Алардын айтымында, иш-чаранын программасында ата мекендик топтордун, ди-джейлердин, бий жана чыгармачыл топтордун, ырчылардын, битбоксчулардын оюн-зооктору, ошондой эле биргелешип боёк ыргытуу, түстүү батыл, оюндар бар. Катышуучулар жайбаракат жана кызыктуу атмосферадан ырахат алышат.

Жаштар үчүн ColorFest музыка фестивалы — бул ден соолукту чыңдоочу, бириктирүүчү, креативдүү жана кызыктуу сырткы иш-чара, деп айтылат билдирүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, боёктор, тамак-аш боегу жана минералдык кошумчалардан турат. Бул уулуу эмес, оңой жууп, кетирсе болот.

Эң көп окулган жаңылыктар