06:46
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жакында маараке. Владимир Путин Акылбек Жапаровду «Достук» ордени менен сыйлады

 Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Достук» ордени менен сыйланды.

 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунун пленардык жыйынында Орусиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук Акылбек Жапаровго сыйлык тапшырды.

 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысына стратегиялык өнөктөштүктү жана альянстарды өнүктүрүүдөгү, мамлекеттер ортосундагы достук байланыштарды чыңдоодогу кызматы үчүн сыйланганы түшүндүрүлөт.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров 14-сентябрда туулган күнү 60 жашка чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар