06:50
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Мамлекет башчысы Балыкчы шаарында Имангали Тасмагамбетов байкоо салган ЖККУнун Жамааттык ыкчам аракеттенүү күчтөрү менен «Өз ара аракеттенүү-2024» командалык-штабдык машыгуулардын ийгиликтүү аяктаганын канааттануу менен белгиледи.

Бул контекстте Садыр Жапаров аскердик-саясий чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу үчүн бул иш-чаранын маанилүүлүгүн айтты. Ал ошондой эле машыгуулардын жүрүшүндө коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттер ийгиликтүү иштелип чыгып, ар кандай сценарийлер сыноодон өткөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров азыркы учурда Кыргызстандын мамлекеттик органдары 2025-жылы ЖККУга өлкөнүн төрагалыгынын приоритеттерин иштеп чыгууда, мында бардык актуалдуу факторлор жана сунушталган маселелердин маанилүүлүгү эске алынарын белгиледи.

ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов өз кезегинде Кыргызстандын жетекчилигине бул маанилүү иш-чаралардын сапаттуу даярдалышы жана өткөрүлүшү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал президент Садыр Жапаровго өткөрүлгөн машыгуулар биздин мамлекеттердин жамааттык жана улуттук коопсуздугуна келтирилген ар кандай чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтарууга уюмдун жамааттык күчтөрүнүн даярдыгынын жогорулагандыгын көрсөткөнүн маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар