31-августта Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Бишкек шаарынын райондорунда бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул күнү төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:
Свердлов району:
29-30-август күндөрү саат 17:00дөн 18:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районундагы Арбат аллеясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү өтөт;
31-август күнү саат 08:00дөн баштап Каражыгач токоюнда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган ачык асман алдында сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле спорттук оюндар жана тамактануу зоналары уюштурулат.
Октябрь району:
31-августунда Көк-Жар айылында концерт болуп, спорттук оюндар уюштурулат;
Биринчи май району:
31-августунда Ак-Босого жаңы конушунда «Этникалык шаарча» уюштурулуп, боз үйдүн жасалгасы, анын ички жасалгасы жана концерттик программа, улуттук тамак-аш, оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулат.
Ленин району:
31-август саат 16:00 Ю. Фучик көчөсү, 18а үйүнүн жашоочулары үчүн оюн аянтчасында иш-чара өткөрүлөт, ар кандай оюндар уюштурулуп, ал майрамдык концерт менен коштолот;
31-августта саат 10:00дө «Люкс» эс алуу скверинде өспүрүмдөр арасында спорттук иш-чараларды өткөрүү пландалууда;
31-августта саат 15:00дө Ала-Тоо конушунда балдар аянтчасында мектеп жашындагы балдар арасында футбол боюнча мелдеш өтөт;
31-август күнү саат 10:00дө № 79 мектепте Арча-Бешик конушунун тургундарына концерт тартууланып, улуттук оюндар уюштурулат;
31-августта саат 17:00дөн 22:00гө чейин Азия-Молл соода борборунун фасадында орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт болот;
31-августта саат 11:00дө «Ынтымак» жаңы конушунда шаар тургундарынын катышуусунда концерт болот;
31-августта саат 14:00дө Жаш Гвардия менен Чүй проспектисинин кесилишинде шаардык «Диалог» маданият үйү Бишкек шаарынын тургундарына майрамдык концерт уюштурат.