Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, майрам күнү борбордун бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына маалы-маалы менен чектөөлөр киргизилет.
31-августта төмөнкү көчөлөр жабык болот:
— Чүй проспектиси Ибраимов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Фрунзе көчөсү Эркиндик бульварынан Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
— Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүктөрү;
— Ибраимов көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Ошондой эле Ч.Айтматов, Манас проспектиси жана Байтик баатыр, Ж.Абдрахманов көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилип турат.