Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ала-Тоо аянтында демөөрчүлөрдүн эсебинен майрамдык концерт уюштурулууда. Бул тууралуу 24.kgге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 31-августта Бишкектин Ала-Тоо аянтында ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун катышуусунда гала-концерт өтөт. Чоң концертке Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Боссон (миллиондо бирөө хитинин автору) жана италиялык ырчы жана композитор IN-GRID катышат.
Басма сөз кызматы алар артисттердин гонорарын билбей турганын баса белгиледи. Кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты.