Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 275,2 миллион сомго спорт комплекси курулат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка ылайык, тендерди Мамлекеттик курулуш комитетине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.
Иш келишимге кол коюлган күндөн тартып 15 айдын ичинде бүткөрүлүшү керек. Ал буйрутмачы менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттен өз убагында каржылоо шарттары менен подрядчы тарабынан бекитилет.