Эгемендүүлүк күнүндө негизги майрамдык иш-чаралар Бишкекте өтөт. Бул тууралуу 24.kg басылмасына президенттик аппараттан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, бул күнү кыргызстандыктар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын да белгилешет.
Бул датага карата жаңы администрация имаратынын, ошондой эле бир катар социалдык жана өндүрүштүк объектилердин ачылышы күтүлүүдө.
Эске сала кетсек, 2023-жылы негизги окуялар Ошто, 2022-жылы Чүй облусундагы Чуңкурчак капчыгайында болгон. Андан соң мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Мындан ары Эгемендүүлүк күнүн жыл сайын майрамдоону ар бир облуста салтка айландырууну көздөп жатабыз», — деп белгилеген.